Баткенде селдин кесепетинен Достук-Ак-Сай унаа жолундагы көпүрө бузулуп, жол жабылды

Тажикстан менен чектеш Көк-Терек айылындагы Достук-Ак-Сай унаа жолунда көпүрө бузулуп, каттам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Учурда аны биргеликте кайрадан калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-июлда 16:00 чамасында Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Айгүл-Таш-Согмент-Таян, Сох-Кан-Зардалы, Коргон-Катран-Баул жана Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы менен Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу жабылган.

Ага ылайык, "Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп, Баткен-Боз-Адыр жолу эки тараптуу ачылып, калган унаа жолдордо бир тараптуу каттам берилген. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан