Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен жаран куткарылды

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, 9-июлда болжол менен саат 21:00 чамасында Ысык-Көл районунда коомдук коопсуздукту камсыздап жүрүшкөн милициянын старшинасы Шамил Жалил уулу жана милициянын улук сержанты көлдө эс-учун жоготкон жаранды куткарышты.

Көлгө чөгүп кеткен жаран пирстен секирип жатканда эсин жоготуп койгондугу белгилүү болгон.

"Милиционерлер жабыркаган Жалал-Абад облусунун 1990-жылы туулган тургунун көл жээгине алып чыгышып, биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Андан соң "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп жазылат анда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан