Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын эки диний лагери жабылды

Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын эки диний лагери жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөй иштеп жаткан диний лагерлерде 6-17 жаштагы 110 баланын (балдар жана кыздар) билим алып жатканы аныкталган.

"Жашыруун лагерлердин уюштуруучусу 1992-жылы Тажикстанда туулган А.А. болгон, жарандыгы кыргыз", - деп айтылат маалыматта.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө лагерлерде санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталбаганы, билим берүү программалары да бузулганы аныкталган.

Учурда диний лагерлердин ишмердүүлүгү токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Тергөө аяктагандан кийин уюштуруучулардын аракеттерине укуктук баа берилери айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан