Жума күнгө карата аба ырайы   

12-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус ысык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан