Бишкекте тышкы жарнамалар иретке келтирилүүдө 

Бишкектин Свердлов районунда жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган райондо тышкы жарнаманы иретке келтирүү боюнча рейддер Чүй проспектиси боюнча Айтматов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө 63 жарнамалык конструкциялар демонтаждалганы айтылат.
"Буга чейин комиссия тарабынан жарнаманы жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билдирүүлөр берилген.
Бул демонтаждоо боюнча иш-чаралар шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнаманын тексттерин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын талаптарына ылайык келтирүү максатында уюштурулууда", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан