Баткенде селден кийинки калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлдү

Бүгүн, 11-июлда Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айылындагы селден кийинки калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тартылган 131 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда турак үйлөргө, жертөлө жана сарайга кирген сел калдыктары тазаланып бүткөрүлдү.

Ал эми аталган аймактарда инженердик техникалардын жардамы менен сел өткөрүүчү сайдын нугун тазалоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, кечээ нөшөрлүү жаандан Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында сел келип, түнү бою кооптуу тилкеде жашаган жарандар ӨКМ тарабынан эвакуацияланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан