Борбор калаада “Бишкек-Анкара 2024” бизнес форуму өттү

Бишкекте бүгүн, 11-июлда “Бишкек-Анкара-2024” бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.

Маалыматка ылайык, ага калаа башчысы Айбек Жунушалиев, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана эки шаардын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Форумда 2024-2029-жылдарга Бишкек мэриясы менен Анкара шаарынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Жол картасына кол коюлду.

Конференциянын алкагында ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларынын көргөзмөсү өттү.

Андан соң форум B2B бизнес-коомчулуктар форматында уланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан