Таласта кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды

Таласта уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда УКМКдан билдиришти.

Ага ылайык, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) жашырылган мүлкүн аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө "Натур Энержи" ЖЧКсынын директору А.у.А. Көлбаевдин жакын адамы Р.Т. менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталды.

"Аталган компанияга Талас облусунун Айтматов жана Талас райондорунда жайгашкан аңчылык жерлери таандык болуп, жалпы аянты 423 миң 966 гектарды түзөт. Ал эми Талас облусунун жалпы аянты 1 миллион 140 миң гектарды түзсө, облустун 1/3 бөлүгүн аңчылык жерлери ээлейт", - деп жазылат анда.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жогоруда аталган аңчылык чарбалар Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди. Биоресурстар 4 миллион 465 миң 550 сомго бааланганы кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан