Ошто 20 жылдан бери жашырынып жүргөн чет өлкөлүк жаран "Хизб-ут Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында 1973-жылы туулган К.Ш.Н. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган.
Ал "Хизб-ут Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү катары 2002-жылдан бери коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.
Кармалган жаран 20 жылдан бери Кара-Суу районунун аймагында жашырынып жүргөнү, аталган уюмдун айрым активдүү мүчөлөрү менен байланышта болгону аныкталды.
Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чаралардын жүрүшүндө К.Ш.Н. тыюу салынган диний уюмга мындан ары мүчө болуудан баш тартканы айтылды.