Ош шаарында майыптыгы бар жарандардан пара алууга шектелген медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалым болгондой, алар бейтаптардан "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам" деген маалымкат жазып, майыптыктын даражасын аныктап берүү үчүн 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин алып турушкан. Ал эми айтылган сумманы берүүдөн баш тарткандар бир нече ай бою эксперттик корутунду ала алышкан эмес.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Атайын кызмат 9-июлда жогорудагы коррупциялык схемага тиешелүү далилдерди чогултуу үчүн эксперттик комиссиянын шаардагы кеңселеринде тинтүүлөр жүргүзүлгөнүн кошумчалады.