MEGA Париждеги Олимпиада оюндарын көрсөтүүнүн расмий демөөрчүсү!

Спорт күйөрмандары үчүн сонун кабарыбыз бар! Эми кыргызстандык көрүүчүлөр да төрт жылда бир болчу негизги спорттук иш-чараны миллиондогон дүйнөлүк аудитория менен чогуу көрө алышат! MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторуПариждеги 33-жайкы Олимпиада оюндарын УТРК жана УТРК спорттелеканалдарынанкөрсөтүүнүн расмий демөөрчүсү болду.

2024-жылкы Олимпиада 26-июлдан 11-августка чейин Франциянын борборунда өтөт. Кыргызстандын атынан күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча өлкөбүздүн намысын 16 спортчу коргойт.

Олимпиадабул дүйнөдөгү эң негизги спорттук иш-чара болуп саналат, ага дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар, анын ичинде биздин өлкөнүн эли да көз салып турушат. Кыргызстандык көрүүчүлөр спортчуларыбыздын оюнуна күбө болуп, алардын мыкты даярдыгын, өнөрүн көрө алаары бизди кубандырат. Бул баарыбыз үчүн чоң сыймык жана кубаныч, - деп белгиледи компания.

MEGA ири турнирлерди, чемпионаттарды, матчтарды жана бүйүрдү кызыткан эл аралык спорттук иш-чараларды түз көрсөтүүнү үзгүлтүксүз колдоп келатат, себеби Кыргызстанда спортту колдоо жана жайылтуу компаниянын негизгиартыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Олимпиада оюндары – бул эбегейсиз ири спорттук аренада өлкөбүздүн намысын коргой турган баатырларыбызды – спортчуларды сүрөп, аларга колдоо көрсөтчү учур.

Олимпиаданы түз ободо көрүп, ар бир баскычта спортчуларыбыз менен бирге болуңуз.

Спортчуларыбызды MEGA менен чогуу сүрөйлү!

Париж 2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан