Балыкчыда менчикке өтүп кеткен автобекет мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз менчиктештирилген Балыкчы автобекети мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Балыкчы шаарынын автобекети мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Шаардык прокуратура мыйзамсыз менчиктештирип алган жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгартуу үчүн сотко доо арыз жазып, жыйынтыгында сот органдары тарабынан жараксыз деп табылган.

"Анын негизинде Балыкчы шаарынын Абдрахманов №17-Б дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1,67 гектар болгон, орточо базар баасы 85 миллион 501 миң сомду түзгөн Балыкчы автобекети мамлекетке кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан