
Өлкө аймагында сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган.
- Бишкек шаары – 3;
- Чүй облусу – 5;
- Ош облусу – 2;
- Баткен облусу – 1;
- Жалал-Абад облусу – 4.
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгону кабарланат.