Таштандыны белгиленбеген жерге ыргыткандарга айып салынат

Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасы таштандыларды белгиленбеген жерге төккөндөр менен күрөшүү чараларын күчөтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган ишкана белгиленбеген жайлайрга ыргыткан же курулуш, тигүү жана башка таштандыларды таштаган жарандарды аныктоо үчүн таштанды топтолгон жерлерге видеокөзөмөл камераларын орното баштады.

Түшкөн видеоматериалдар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп, анын негизинде айып пул салынары айтылат.

"Белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткандарга укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык чаралар көрүлөрүн эскертебиз.

Урматтуу шаардыктар! Көрктөндүрүү эрежелерин сактап, шаарыбыздагы тазалыкка жана тартипке жоопкерчиликтүү мамиле кылууңуздарды суранабыз"
, - деп айтылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан