УКМКнын атынан опузалап акча талап кылганга шектүү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атынан опузалап акча талап кылганга шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдамчылык фактысы боюнча Т.Т.К. аттуу жаран кытай жаранынан 3 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда кармалды. Ал УКМК кызматкерлеринин атын жамынып, атайын кызмат тарабынан каралып жаткан кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн акча талап кылган.

"Буга чейин да Т.Т.К. аталган маселени чечүү үчүн кытай жаранынан 18 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Ал ушул жылдын 10-июлунда кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 2 күнгө Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат анда.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан