13-июлда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус ысык болот.