Бул күнү сахна ханышасы Таттыбүбү Турсунбаева төрөлгөн. Ал тууралуу фактылар 

Театр жана кино актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ал Чаек айылында орус тилдүү орто мектепти бүтүргөн.
Чоң атасы Турсунбай ошол кездеги атагы чыккан комузчу болгон. Атын Таттыбүбү деп чоң атасы койгон. Атасы Мырзаалы Токтогул Сатылгановдун шакирти болгон дешет. Ал эми апасы Калыйбүбүнү замандаштары Таттыбүбүдөй ажайып сулуу болгон деп айтышкан.
Чыгармачылык жолу...
Таттыбүбү 1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган. Ал эми 17 жашында Ташкенттеги Островский атындагы институтунун "Драма жана кино актёру" факультетине тапшырып, 1966-жылы аяктаган. Ошентип ал Кыргыз мамлекеттик драмтеатрында иштей баштаган. Сахнада түрдүү образдарды жаратып, каармандарынын сезимдерин жана ойлорун укмуштуудай өткөрүп берген. Таттыбүбү өзүнүн жаркыраган жылмаюусу менен көрүүчүлөрдү багындырган, көпчүлүк эл театрга Таттыбүбүнүн сулуулугун көрүү үчүн келишкен. Таттыбүбү жараткан Жульетта, Дездемона, Зулайка, Ак Мөөр, Уркуя сыяктуу образдар Таттыбүбү менен тагдырлаш. Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан.
Аны замандаштары "сахнанын ханышасы" деп айтышчу. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан. Ал эмгеги үчүн СССРдин Эмгек сиңирген артисти наамын алган.
Драматург Токтоболот Абдумомунов, актриса жөнүндө "анын жагымдуу тембри, так дикциясы, аткаруучулук ыкмасы, жүрүм-туруму ар бир көрүүчүнүн жүрөгүндө жаңырып турду" деп жазган.
Актрисанын жашоосунда ийгиликтери менен кошо көралбастык да коштоп жүргөн. Агасы Нуркан Турсунбаевдин айтымында, 22 жашында Ак Мөөрдүн образын жаратып, Ленин комсомолу сыйлыгына көрсөтүлгөн. Бирок орто жолдон бут тоскондордун таасиринен улам сыйлыкты ыйгарбай коюшат. Бул анын турмушундагы биринчи сокку болгон. "Уркуя" тасмасы тартылгандан кийин тасма бүт Европаны кыдырып, биринчиликти алып келет. Ошол ийгиликтерден соң тасма жаратуучулар Токтогул сыйлыгын Таттыбүбүгө ыраа көрбөй коюшат. Таттыбүбү каза болгондо Ала-Арча көрүстөнүнө эл артисттери гана коюлат деп орун бербей коюшуп, сөөгү Орок айылындагы көрүстөнгө коюлуп калат. Кийин тунгуч президент Аскар Акаев улуу талантты Ала-Арча көрүстөнүнө которууну сунуштаганда, Таттыбүбүнүн туугандары сөөктү каздырууну каалашкан эмес.
Үй-бүлөсү...
Актриса кесиптеши Имаш Эшимбаевге турмушка чыгып, экөө тогуз жылдай чогуу жашап бир уул, бир кыздуу болушат. Ажырашкандарына 7 жыл болгондо Таттыбүбү каза табат. Имаш болсо актрисадан кийин он жылдан соң бул жарык менен коштошот. Экөө Ташкенттеги театралдык институтта бирге окуган. Таттыбүбүнүн театрдагы ойногон биринчи ролу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасындагы Аселдин ролу болгондуктан, жолдошу кызынын атын Асел койгон экен.

Кызы Асел Эшимбекова "Махабат дастанындагы" Бегимайды, "Сүйүү закымдарындагы" Алтынбүбүнүн ролун ойногон. Энеси Таттыбүбү Турсунбаева чолпондой жанып турган убагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканда, калайык калк "кызы эми актрисанын ордун жоктотпойт" деп турганда белгилүү ишкер Урмат Барктабасовго турмушка чыгып кеткен. Ошондо айрымдар "туура кылды, болбосо ар ким сулуулугуна көз артып отуруп энесинин тагдырын кайталап калмак" деп айтышкан экен.

Асел учурда үй кожойкеси. Жолдошу менен бир уул, эки кызды тарбиялап келет. Алгач жолдошу Урмат Барктабасов болочок жубайын тасмалардан көрүп сүйүп калып, 10 жыл издеп, акыры таап баш кошот.

Таттыбүбү менен Имаштын уулу Канат Медициналык институттун стоматология бөлүмүн бүтүрүп, жеке ишкерлик менен алектенет. Үч эркек, бир кыздын атасы. Келбет жагынан Канат апасын, Асел атасын тарткан.

Таттыбүбү Турсунбаева 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Тартылган тасмалары:
1960-жыл - "Салиманын ыры"- Салима
1965-жыл - "Эң тил алчаак" - Айзада
1967-жыл - "Саманчынын жолу" - Жаш Толгонай
1968-жыл - "Ак Мөөр" - Ак Мөөр
1971-жыл - "Отко таазим" - Уркуя
1972-жыл - "Ак куулар конгон айдың көл" - Зейнеп
1973-жыл - "Атадан калган туяк" - Жээнгүл
1974-жыл - "Сүйүүнүн жаңырыгы" - Асия
1975-жыл - "Кызыл алма" - Бейтааныш сулуу
1975-жыл - "Арман"
1976-жыл - "Алтын күз"
1979-жыл - "Процесс"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан