Айгүл Жапарова "Славян базары" фестивалынын ачылышына катышты (фото)

Биринчи айым Айгүл Жапарова 11-июлда "Витебскидеги Славян базары" XXXIII эл аралык фестивалынын ачылышына Беларусь тараптын чакыруусу менен ардактуу мейман катары катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чараны Беларустун президенти Александр Лукашенко ачып, андан соң белгилүү аткаруучулардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт болду.

Быйыл Кыргызстандын атынан бул фестивалга 14 жаштагы Раяна Алибаева катышууда. Ал улуттук тандоо турунун жана бир катар эл аралык сынактардын жеңүүчүсү.

"Славян базары" - 1992-жылдан бери Витебск шаарында жыл сайын өтүп келген эл аралык искусство фестивалы.

Фестивалдын алкагында ырчылардын, балдардын музыкалык сынагы өткөрүлөт.

Анын программасында музыка, театр, кино, көркөм сүрөт искусствосунун жана элдик кол өнөрчүлүктүн түрдүү жанрлары камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан