Кадастр мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын 6 кызматкерине айып тагылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Өзгөн районунун кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарга карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
"Аталган фактынын негизинде ушул жылдын 18-майында аталган райондун “Жылалды” айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, “Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Өзгөн райондук филиалынын мурдагы жетекчиси А.Р. кармалган.
Мындан тышкары өзүнчө козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мекеменин Өзгөн филиалынын 6 кызматкери К.З., Т.Т., Б.М., А.К., Э.А. жана Э.А. кылмыш жоопкерчилигине тартылды", - деп жазылат анда.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы маалымдалат.