Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жеринде “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.
Ат-Башы районуна караган бул жолдун учурда 4,1 чакырымы жасалууда. Ал эми асфальт 1,7 чакырым аралыкка басылып бүттү.
Белгилей кетсек, быйыл жалпы 24 чакырымды түзгөн Калинин-Погранич-Кызыл-Туу унаа жолунун 7 чакырымын оңдоо каралган. Май айынын башында 3 чакырымына асфальт басылып, жумуштар жыйынтыкталган.