Быйыл 6 ай ичинде казынадан 70 миллиард сомдон ашык каражат уурдалганы аныкталып, анын 50 миллиард сому өндүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиялык отурумунда айтылды.
Коллегиялык жыйын атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин төрагалыгы алдында өттү.
Ал соңку жылдары коопсуздукту камсыз кылууда, мыйзамдуулукту орнотууда жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө чоң жылыштар бар экенин баса белгиледи.