Эмгек министрлиги Орусияда иштеген беш миңдей мигрант жардам сурап кайрылгандыгын билдирди

2024-жылдын алгачкы алты айында Орусияда иштеп жүргөн 4 миң 700 кыргызстандык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жардам сурап кайрылды.

Аталган министрликтен билдиргендей, мигранттар өз укуктарын коргоо үчүн көмөк сурашкан. Аларга адистер кеп-кеңеш бергени айтылат.

Министрликтин өкүлдөрү жарым жылда кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо боюнча 25 сот отурумуна катышып, 239 кишинин иши боюнча Москва шаарындагы полиция бөлүмдөрүнө барган.

Ошондой эле адистер башка шаарлардагы убактылуу кармоочу жайларга жарым жылда тогуз жолу барып, 60тан ашуун кыргыз жараны менен жолугушууларды өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан