Чолпон-Ата шаарындагы пансионаттардын биринде парашют менен учуп бараткан инструктор жана өспүрүм бала бакка илинип калышкан. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Ысык-Көл облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, эс алуучулардан милицияга бүгүн саат 13:30дар чамасында бакка парашют илинип калгандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.
Бул факты электрондук журналга катталып, ыкчам топ жерине барган.
Парашют менен учуп баратып бакка илинип калгандар ошол жердеги жарандардын жардамы менен түшүрүлгөн. Жабыркагандар жок экендиги айтылды.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.