Нөшөрлөгөн жаандан улам Алайда сел жүрдү 

Бүгүн, 12-июлда саат 17:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Алай районундагы Тогуз-Булак айылында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, алдын-ала маалымат боюнча турак жайларды суу каптап, 2 үйдүн жер төлөөлөрүнө сел суулары кирген.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Алай району боюнча ӨКБдан 5 кызматкер чыгып кеткен. Жабыркаган жарандар жок.

Азыркы учурда Алай району боюнча ӨКБнын кызматкерлери мотопомпанын жардамы менен жер төлөөсүнө сел суулары кирген турак-жайлардын сууларын соруп чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.

Андан сырткары Жол тейлөө мекемесине таандык Гүлчө-Корул авто унаа жолунун сел түшкөн участкаларын тазалоо үчүн Тилектеш айылдык аймагы тарабынан 1 даана автожүктөгүч тартылып, азыркы учурда жумуш жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан