Бишкекте “Тазалык” муниципалдык ишканасы таштандыларды белгиленбеген жайларга ыргыткан же курулуш, тигүү жана башка таштандыларды таштаган жарандарды аныктоо үчүн таштанды топтолгон жерлерге видеокөзөмөл камераларын орното баштады.
Калаа мэриясынан билдиргендей, келип түшкөн видеоматериалдар Муниципалдык инспекцияга өткөрүлүп, анын негизинде айып пул салынат.
"Урматтуу шаардыктар, көрктөндүрүү эрежелерин сактап, шаарыбыздагы тазалыкка жана тартипке жоопкерчиликтүү мамиле кылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.