Бишкектеги Ак-Ордо 3 конушунда эгин талаадан өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүүгө саат 20:37де Ленин райондук №6 ӨКБдан жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылганын билдирди.
Тилсиз жоо саат 21:21де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.