"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы куткаруучуларды издейт 

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасына куткаруучулар талап кылынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кара-Жыгач токоюнун аймагындагы Комсомольское көлүн реконструкциялоо иштери аяктап жаткандыктан улам керек болууда.

Квалификациялык талаптар:

  • чөгүп бара жаткан адамга жардам, аны суудан чыгарууну, аны кармагандан бошотуу ыкмаларын, сүйрөө жана биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын;
  • сууда сүзүүнү;
  • куткаруучу жабдууларды колдонуу эрежелерин;куткаруучу кайыкты башкарууну билиши керек.

Кызматтык милдеттери:

- куткаруу постунда нөөмөт;

- сууда кырсыкка кабылган адамдарга токтоосуз жардам көрсөтүү;

- суу кемелерин жана куткаруучу техниканы аракетке даяр абалда кармоо;

- нөөмөттү кабыл алуу жана тапшыруу;

- кырсыктар жөнүндө отчеттордун журналын жана китебин жүргүзүү.

Толук маалымат алуу үчүн Ташкент көчөсүн 17 дареги боюнча саат 8:00дөн 17:00гө чейин жана 37 53 30 телефонуна кайрылыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан