Июль айында республика боюнча жалпысынан 85 тоннадан ашык кара куурай орулуп, өрттөлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, “Кара куурай” аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө, өлкө аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте 903 адамдан турган 90 бригада түзүлгөн.
Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 3 гектар жерден 3 тонна, Чүй облусу боюнча 10 гектар жерден 27 тонна, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча 27 гектар жерден 17 тоннадан ашуун, Талас облусу боюнча 2,5 гектар жерден 1 тонна 800 килограмм, Жалал-Абад облусу боюнча 100 гектар жерден 9 тоннадан ашуун, Ош облусу боюнча 6,5 гектар жерден 6 тонна, Баткен облусу боюнча 22,5 гектар жерден 7 тонна 400 килограмм кара куурай орулуп, өрттөлгөн.