
Бүгүн, 13-июлда саат 10:00 чамасында Жалал-Абад шаарында суусундук саткан жайда газ баллон жарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан билдирди.
Маалыматка караганда, маркум 20-25 жаштагы азиат улутундагы кыз. Анын жансыз денеси моргго өткөрүлүп берилди.
Газ баллондун жарылуусунан дагы беш адам жаракат алганы маалымдалды. Учурда кырсыктан жабыркагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө.