Бишкектен Балыкчыга чейинки поезд 15-июлдан тарта күн сайын каттамай болду

Бишкектен Ысык-Көлгө чейинки поезд 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, поезд Бишкек - 2 бекетинен саат 07:40та жөнөп, Балыкчы бекетине 11:46да келет, Балыкчыдан кайра 18:12де жөнөп, Бишкекке саат 22:18 мүнөттө келет.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, жумшак отургучтар жана дивандар, кошумча буфет кызматы бар жогорку ыңгайлуулуктагы үч вагон бар.

Жол кире бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз.

"Стандарттуу вагондордо 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 73 сом, 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн 150 сом. Люкс вагонунда 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 250 сом, 10 жаштан ашкан жүргүнчүгө 500 сом. Ал эми VIP вагондо 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 400 сом, 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 800 сом", - деп айтылат маалыматта.

Билеттерди ticket.railway.kg сайтынан же railway.kg мобилдик тиркемесинен, ошондой эле Бишкек-2 станциясынын кассасынан сатып алса болот. Сурап-билүү номерлери: (0312) 30-02-09, 92-68-54, 92-68-40, 0 705 07-66-96.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан