Прокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча шаардык сотко жаңы апелляциялык сунуш берди

Прокуратура 12-июлда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна берген апелляциялык сунушуна өзгөртүүлөрдү киргизип, кайра жаңы сунуш берди. Бул тууралуу ушул иш боюнча акталган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Ал прокуратуранын өтүнүчүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда прокурорлор Медер Абдышев менен Замира Байбагышева айыпталуучуларга чыккан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп таап жаза берүү сунушун киргизген.

Буга чейинки апелляциялык арызда алар Бишкек шаардык сотунан ишти башка курамда Биринчи май райондук сотуна кайра жаңы кароого жиберүүнү өтүнүшкөн.

Эске салсак, 14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айыпталып жаткан 22 кишини актаган.

Кемпир-Абад иши боюнча алгач 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыккан. Ал эми бешөөнүн иши ага чейин өзүнчө өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан