Бишкекте 16 жаштагы Карина Жалилова дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 12-июлда саат 18:30 чамасында Тыналиев көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Кыздын апасы эртеси күнү милицияга кайрылган.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, ак жумал, арык чырай.
Кийген кийими: боз түстөгү футболка, кара шым, сары бут кийим кийип жүргөн.
Өзгөчө белгилери: көздүн көрүүсүн оңдоо үчүн көз айнек тагынат.
Көргөн-билгендер болсо: 0312 35 29 47, 0312 35 12 70 же 102 номурларына чалсаңыздар болот.