ЖКККБ көл жээгине унаа менен кирген айдоочуларга 15 миң сом айып салынарын эскертти

Ысык-Көлдө көл жээгине автоунаа менен кирген айдоочуларга 15 миң сом айып пул салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматта жайкы туристтик мезгил учурунда айрым айдоочулар көл жээгине чейин унаа менен кирип алып, эс алуучулардын тынчын алып, мыйзам бузуп жатканы белгиленген.

"Мындай мыйзам бузган айдоочуларга протоколдор түзүлүп, ар бирине 15 миң сомдон айып пулдар салынып, унаалары айып короолорго токтотулууда", - деп айтылат анда.

ЖКККБ айдоочулар менен эс алуучуларды мыйзам бузууларга жол бербей, белгиленген эрежелерди так сактоо менен эс алуу жерлеринде ар кандай таштандыларды таштабай, тазалыкты сактоого чакырат.

Видео: ЖКККББнын басма сөз кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан