Бүгүн, 14-июлда Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Ош шаарында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, саат 14:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош – Гүлчө – Эркечтам унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырымына чейинки аралыгына кум-шагыл толуп, жол каттамы убактылуу жабылган.
№21 ЖТИ мекемесинен 1 даана автожүктөгүч техникасы тартылып, учурда 9-чакырымынан ылдый карай тазалоо иштери жүрүп жатат. Андан сырткары турак жайлардын короо, сарайларына жана жертөлөлөрүнө сел суулары кирген.
Учурда Кара-Суу району боюнча ӨКБнын өздүк курамына жана Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтарына “Айгай” жарыяланды.