Ош шаарынын борбордук базарын сел каптады. Жергиликтүү тургундар суу Ак-Буура дарыясынын жээгинен чыгып, көчөлөрдү сел каптап жатканын билдиришти.
Видеонун автору сел суулары контейнерлердин ичине чейин киргенин, товарлар эле эмес, адамдар да агып кеткенин айтып жатканын көрүүгө болот.
Бирок бул маалымат тактала элек. ӨКМ жеринде куткаруучулар иштеп жатканын маалымдоодо. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Башка видеолордон сел суулары жеңил унааны кошо агызып баратканын көрүүгө болот.