Оштогу Бөрүбай-Ата эс алуу жайында эс алуучуларды куткаруу иштери жүрүп жатат

Оштогу Бөрүбай-Ата эс алуу жайында эс алуучуларды куткаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Ага ылайык, Ош шаарында алдын ала маалымат боюнча саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө. Жалпы 46 куткаруучу тартылып, 420 адам эвакуацияланды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан