Ош шаарында селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 14-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана Төлөйкөн айылын суу каптаган.
Шаар мэри, жарандык коргоонун башчысы Бакытбек Жетигенов тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жеринде көчмө жыйын өткөрүп, борбордук базарды толук кыдырып чыкканы айтылды.
Учурда селдин кесепеттерин жөнгө салуу иштери жүрүп жатат.