Ош шаарындагы Төлөйкөн айылында “Мөл булак” эс алуу жайында сел агызып кеткен төрт жаранды издөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдирди.
Мэриянын соңку маалыматына караганда, Араван - Ак-Буура каналы 7 унаанын агызып кеткен, анын төртөө табылып, калганы изделип жатат.
Ошондой эле Озгур айылында селден жарандарды куткарууга тартылган КамАЗ бир адамды тебелеп кетип каза болгондугу кабарланды.
Жалпы 134 үйгө топон суу кирген, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 унаа селден жабыркаган.
Кырсыктан улам шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда селдин кесепеттерин жөнгө салуу иштери жүрүп жатат.