Бүгүн, 14-июлда катуу жаандан улам Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Ош шаарында сел жүрдү.
Ош шаарында Ак-Буура дарыясы ташып, сел жүргөн. Видеолордон борбордук базарда буюм-тайым, товарлар, ошондой эле унаалар сууга агып баратканын көрүүгө болот.
Кырсыктан улам шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Саат 19:00гө карата Ош шаарынын Төлөйкан айылына жана Кара-Суу районунда селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 258 куткаруучу тартылды.
Жеринде ӨКМдин 5 оор техникасы иштеп жатат. Кошумча 15 инженердик техника тартылды.