Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районунда алдын ала маалымат боюнча 100дөн ашуун турак үйгө суу киргенин жана 6 унааны суу агызганын билдирди.
Маалымдалгандай, жеринде ӨКМдин куткаруучулары тарабынан тазалоо иши жүрүүдө.
ӨКМ жеринде тактоо иштери уланып жатканын, кошумча маалымат берилерин маалымдады.