Ош шаарында акыркы сааттарга алынган маалыматтар боюнча селден 146 турак үй, 5 эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркаган. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат кызматы бүгүн, 15-июлда билдирди.
Маалымдалгандай, учурда 200гө жакын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалык ишканасынын кызматкерлери, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, аскер кызматкерлери шаардагы селден жабыркаган аймактарда иш алып барууда.
“Учурда борбордук базарда тазалоо иштери жүрүп жатат. Эки күн аралыгында толук тазаланып, калыбына келтирүү иштери болот. Маалыматтар дагы такталууда, кошумча маалымат берилет”, - деп билдирген басма сөз кызматынан.