Баткен облусунун сел каптаган аймактарында ыкчам топ иштөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ,14-июлда кечки саат 18:15тер чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт, Өрүкзар участкаларында 10, Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында 3-4 үйдүн короосуна сел суулары кирген.
Жеринде куткаруучулар иш жургүзүүдө.
Ошондой эле сел суулары кирген Кадамжай районунун Чаувай, Лейлек районунун Бешкент айылындагы турак жайларда, жер төлөлөрдө жана ички арыктарда калыбына келтирүүлүүдө.
Селдин кесепеттерин жоюуга атайын техникалар да тартылган.