
Бүгүн, 15-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунда сел кесепетин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 260 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Ага ылайык, куткаруучулар сел суулар каптаган социалдык объектилерге, турак жайларга кирген сел сууларды тазалоо жумуштарын баштады.
Мындан сырткары райондук Жарандык коргонуу кызматтары, жарандык активисттер тартылып, калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп жатканы айтылат.
Эске салсак, буга чейин Кара-Суу районунда 100дөн ашуун турак үйгө суу кирип, 6 унааны суу агызып кеткени
айтылган.