Москвада зордуктоого шектелип эки кыргызстандык кармалды. Алар окуяны уюлдук телефонуна тартып алышкан

Москвада кыргызстандык эки жаран кыздарды зордуктап, окуяны тасмага тартып алган. Бул туурасында орус басылмалары Орусиянын тергөө комитетине таянып жазып чыгышты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Проспект Мира аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алган.

“Чет элдик жарандар мас абалында эки кыздын алсыздыгынан пайдаланып, зордуктап кетишкен. Алардын бири бул кылмыштуу иш аракетин уюлдук телефонуна тартып алган. Шектүүлөр Орусияда мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандары экендиги аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан