Сел агызып кеткен экинчи адамдын сөөгү табылды

Ошто сел агызып кеткен экинчи адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) ӨКМдин куткаруучусу тарабынан саат 11:30да аял кишинин жансыз денеси табылды.

ӨКМ маркумдун өздүгү такталып жатканын, кошумча маалымат берилерин билдирди.

Белгилей кетсек, ӨКМ буга чейин Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызып кеткенин, анда 44 жаштагы келин жана анын үч кызы изделип жатканын маалымдаган.

Ошондой эле Оштогу борбордук базардан суу агызып кеткен дагы бир аял изделип жаткан.

Сел агызып кеткен 7 жашар кыздын сөөгү түндө Өзбекстандан табылган.

Учурда бир аял жана эки кыз изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан