О! мобилдик оператору Ош облусунун тургундарын акысыз интернет менен камсыз кылат

О! мобилдик оператору Ош облусундагы трагедиядан жабыр тарткандарга терең кайгыруу менен көңүл айтат. 15-июлдан тартып аймактын бардык абоненттерине 1 жумага 10 гигабайт өлчөмүндө акысыз интернет берилет.

ӨКМдин маалыматтарына ылайык, 14-июлда Ош облусунда жана Ош шаарында нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүп, адам өмүрлөрү алынган, электр өткөрүү линиялары, турак жай инфраструктурасы зыянга учураган. Учурда селдин кесепеттерин жоюу багытында иштер жүргүзүлүп жатат.

Компаниянын жамааты бүтүндөй Кыргызстан менен аймактын кайгысын тең бөлүшөт жана жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн жалпы кыргызстандыктарды биригүүгө чакырат.

О! Ош облусунун тургундары менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан