"Жүрөк ооруйт..." Ошто кызы менен чогуу сел агызып кеткен аялдын видеосу тарады

Ошто кызы менен чогуу сел агызып кеткен аялдын видеосу тарады.

Анда топон сууга кызы менен агып бараткан аялдын жандалбастап, кыйкырып баратканын көрүүгө болот.

Аялдын ким экени жана окуянын соңу кандай аяктаганы тууралуу маалымат жок.

Ал үч кызы менен сел агызып кеткен, бүгүн Ак-Буура дарыясынан сөөгү табылган 44 жаштагы келин болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) ӨКМдин куткаруучусу тарабынан саат 11:30да аял кишинин сөөгү табылганы кабарланган.

Көп өтпөй табылган жаран изделип жаткан 44 жаштагы Н.Д. аттуу келин (кыздардын апасы) экени аныкталган.

ӨКМ кечээ Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызып кеткенин, анда 44 жаштагы келин жана анын үч кызы изделип жатканын маалымдаган.

Ошондой эле Оштогу борбордук базардан суу агызып кеткен дагы бир аял изделип жаткан.

Сел агызып кеткен 7 жашар кыздын сөөгү түндө Өзбекстандан табылган.

Учурда бир аял жана эки кыз изделүүдө.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан