Америка Кошмо Штаттарында кыргыздар жөнүндө кино тартылууда. Нуржамал Карамолдоеванын режиссёрлугу алдында тартылып жаткан тасма тууралуу тартуучу топтун мүчөсү Ильгиз Шайылдаев менен маектештик.
- Саламатсызбы,Ильгиз мырза? Азыр Чикаго шаарында кыргыздар жөнүндө кино тартылып жатканын уктук. Тартуу тобунда сиз дагы бар экенсиз. Тасма жөнүндө айтып берсеңиз?
- Саламатсызбы? Ооба, учурда Нуржамал Карамолдоева эжекебиздин режиссёрлугу алдында АКШда кино тартылып жаткан чагы. Тасма Чикаго шаарында жашаган кыргыздардын башынан өткөргөн чыныгы окуяларына негизделген. Андыктан ролдорду дагы өзүбүздүн АКШдагы мекендештерибиз жаратууда. Фильмдин сценарийи болсо англис тилинде жазылып, анан кыргыз тилине которулган. Буюрса, бир жыл ичинде тартуу иштери аяктап, даяр болгондон кийин эл аралык сынактарга алып чыгуу пландаштырылууда. Ал эми Нуржамал эже жөнүндө айтсам, ал киши кесибинин мыкты адиси. Кыргызстанда жаш таланттарга билим берип келет. Андыктан америкалык топ эженин чыгармачылыгын баалап, атайын чакыртышкан.
- Сиз бул чыгармачыл топко кантип кошулуп калдыңыз?
- Мен өзүм бул өлкөгө былтыр грин-карта утуп алып, ушул жылдын март айында келгем. Азыр Иллинойс штатындагы Чикаго шаарындамын. Буга чейин "Не Сахар" долбоорунда башкы оператор болуп иштегем. АКШга келгенде таанышымдан кастинг тууралуу угуп калып, байланышып, кошулуп калдым. Учурда тасмага көркөмдүк табит берген сүрөтчүнүн жардамчысы болуп эмгектенип жатам.
- Кинонун аты, жанры кандай? Канча каражатка тартылып жатат? Толук айта кетсеңиз?
- Азырынча тасманын аты тактала элек. Буюрса, толук метраждуу көркөм фильм болот. Мындан башка маалымат бере албайм. Себеби тартылып бүтмөйүнчө бизге маалымат берүү чектелген. Туура түшүнөсүздөр деп ойлойм.
- "Не Сахар" долбоору менен иштешип калганыңызды айттыңыз. Демек, коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүүгө салым кошуптурсуз да.
- Негизи долбоорго 2019-жылы студент кезимде мугалим эжекелерим аркылуу кошулгам. Анда менин коомдогу көйгөйлүү маселени көтөргөн проектке жардам көрсөтсөм деген максатым бар болчу. Бирок ал кезде биздин долбоор азыркыдай популярдуулукка ээ болуп, элдин колдоосуна татыйт деп такыр ойлобоптурмун. Болгону элибиздин саламаттыгына мен дагы колумдан келген салымымды кошкум келген.
- "Не Сахар" менен алып чыккан кайсы чыгарылышыңыз ийгиликтүү болду?- Тез татымдардагы газ баллондор тууралуу тарткан иликтөөбүздү атай алам. Анда тамактануучу жайлардагы газ баллондор техникалык коопсуздукка жооп бербеген абалда сакталып жатканын алып чыкканбыз. Ошондо бизди көп ишкерлер туура эмес кабыл алышкан болчу. Бирок арадан көп өтпөй Бишкектеги тез татымдардын биринде газ баллон жарылып, 2 адам каза болгону эсимде. Ошондон кийин бизди туура түшүнүү менен кабыл ала башташкан. Ал каргашалуу окуядан соң бул долбоордун коом үчүн маанилүү экенине дагы бир жолу ынангам.
- Эми алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Буюрса, кино тартылып бүткөн соң бул жакта окууга тапшырам деп турам. Өзүмдүн Стенфорд, Гарвард сыяктуу окуу жайлардан билим алуу кыялым бар болчу. Эми аны орундатуунун аракетин көрүп жатам. Ал үчүн англис тилимди жакшыртуу максатында курстарды караштыруудамын. Анан дагы жумуш табуу биринчи планым. Кыргызстанга болсо, буюрса, режиссёрлук кесипке ээ болуп барайын деп тилек кылып жатам.
Ильгиз Шайылдаев 2000-жылы Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. Шаардагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебин бүтүргөн. Жогорку билимдүү. Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана массалык маалымат каражаттар факультетин аяктаган. Кесиби боюнча журналист.