
Бишкекте жана Чүйдө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде аталган аймактарда күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
"Урматтуу жарандар! Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз", - деп жазылат анда.