"Дордой" соода комплексинин аймагындагы жеке базарды тартып алууга шектелип уюшкан кылмыштуу топ менен тыгыз байланышы бар жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, бокс боюнча эмгек сиңирген спорт чебери жана бокс боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Н.Ж. аттуу жаран УКМКга арыз менен кайрылган. Ал 2010-жылы насыя алып, тендердин жыйынтыгы менен "Жунхай" базарынын жанынан сатып алган 8,5 сотых жер тилкесин тарттырып ийгенин айткан. Ошондой эле жабырлануучу бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганда эч кандай жыйынтык болбогонун кошумчалаган.
"Тергөөдө Ы.М. аттуу жаран жабырлануучунун ишеничине кирип, укук белгилөөчү документтерди алган соң уюшкан кылмыштуу топтун колдоосунан пайдаланып "Береке" базарын андан мыйзамсыз тартып алганы аныкталды. Ошондой эле шектүү криминалдык авторитет менен туугандык байланышы бар экендигин айтып, жабырлануучуну ар дайым коркутуп келгени белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Н.Ж. насыянын пайыздарын төлөй албай, турак жайынан ажырап, толук кандуу жашоо үчүн дээрлик каражаты жок калган.
Ошондой эле атайын кызмат чогултулган материалдардын негизинде шектүү делген адам УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.